Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Орусия "Сахаров борборуна" айып салды


Орусияда "чет элдик агент" тизмесине кирген "Сахаров борбору" деп аталган укук коргоочу уюмга бейөкмөт уюмдун ишмердүүлүгү боюнча эрежени бузду деген негизде 400 миң (6 миң доллардай) рубль айып салынды. Муну менен сот Байланыш, маалымат технологиялары жана коммуникациялар боюнча федералдык кызматтын талабын канааттандырды. Сот чечиминде уюм "чет элдик агент" экенин көрсөтпөстөн материал таратканы белгиленген.

Аталган борбор "чет элдик агент" тизмесине былтыр декабрда киргизилген. Орусияда сырттан каржылык көмөк алган уюмдарды "чет элдик агент" деп катталууга милдеттендирген мыйзам 2012-жылдан бери иштейт. Былтыр юстиция министрлигине бейөкмөт уюмдарды бул тизмеге киргизүү укугу берилген. Тизмеге кирип калган айрым бейөкмөт уюмдар мындай макамдан сот аркылуу арылууга аракет кылып келет.

Буга чейин ушундай эле негизде "Мемориал" укук коргоо борборуна да 600 миң рубль айып салынган.

XS
SM
MD
LG