Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иш козголо элек


Бишкекте окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иш козголо элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициядан кабарлашты. Учурда соттук-медициналык жана соттук-баллистикалык экспертиза жүрүп жатат. Ички иштер башкармалыгы окуяны азырынча кокустук деп гана баалап жатат. Маркум баланын үйүндө табылган курал-жарактын баары атасына катталганы, мыйзамдуу экени айтылууда.

Кечээ Бишкектин Ленин районуна караштуу Адышев көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн биринин короосунда окуучунун сөөгү табылган. Константин аттуу баланын жансыз денесин жумуштан келген апасы тапкан. Окуя болгон жерге милиция барганда мергенчилик мылтык, 53 гильза жана көздөн жаш агызуучу шашка алынган.

Алдын ала маалыматка караганда, бала мылтыкты кантип колдонуу керетигин интернеттен үйрөнүп жатып өзүн өзү башына атып алган.

Маркум өспүрүм 2002-жылы туулган. Ал №31 мектепте 7-класста окуп жаткан.

Атасы, кошуналардын айтымында, учурда Орусияда жеке ишканалардын биринде айдоочу болуп иштеп жатат. Ал эми милициянын маалыматында, ал Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу тик учактарды тейлөөчү мекемеде иштейт.

Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, аталган мекемеге караштуу ишканаларда уулу кечээ мерт болгон кызматкер жок. (RK)

XS
SM
MD
LG