Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Кыргызстан глобалдык атаандаштык жагынан КМШ өлкөлөрүнөн артта калды


Дүйнөлүк экономикалык форумдун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстан глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча КМШ өлкөлөрүнөн артта калды. Ошол эле учурда 2014-жылга салыштырганда өз позициясын жакшыртып, 3 кадам өйдөлөдү.

Өлкөнүн эң начар көрсөткүчтөрү инновация, рыноктун көлөмү, бизнестин өнүгүшү, институт жана инфраструктуранын абалына байланыштуу.

Ал эми эң жакшы көрсөткүчтөр жогорку билим берүү жана профессионалдык даярдык, товарлар базарынын эффективдүүлүгү боюнча белгиленген.

Аталган рейтингде 140 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 102-орун ээлеген. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда Азербайджан (40), Казакстан (42), Орусия (45), Грузия (66), Украина (79), Тажикстан (80), Армения(82) жана Молдова (84). (AzK)

XS
SM
MD
LG