Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Улуттар Уюмунда Палестинанын туусу көтөрүлдү


Улуттар Уюмунда Палестинанын туусу көтөрүлдү
Улуттар Уюмунда Палестинанын туусу көтөрүлдү

Биринчи жолу БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсенинин кире беришине Палестинанын туусу илинди. Бул салтанатка катышып жатып Палестинанын лидери Махмуд Аббас кубанычын жашыра албай, “бул тарыхый көз ирмем жана сыймыктанчу күн” –деп билдирди.

Ошондой эле ал ушул күнгө чейин Палестинанын мамлекеттүлүгү боюнча маселе чечилбей келе жатканына нааразы экенин жашырган жок.

10-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясы буга чейин уюмга “байкоочу өлкө” статусуна ээ болуп келген Палестинанын желегин көтөрүү боюнча резолюция кабыл алган.

Палестин тарап даярдаган резолюциянын долбоорун уюмга мүчө 193 өлкөнүн 119су колдоп, АКШ жана Израил баштаган сегиз мамлекет каршы чыккан.

Улуттар уюму Палестинага “мүчө эмес байкоочу өлкө” макамын 2012-жылы берген. Ал эми толук кандуу мүчө болушу үчүн Коопсуздук кеңешинин резолюциясы зарыл.

XS
SM
MD
LG