Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Орусия менен АКШ Сириядагы аба соккулар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусия менен АКШнын коопсуздук күчтөрү жакын арада Сириядагы аскердик операциялар учурунда байкоосуздан кагылышып калуу ыктымалдыгын алдын алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Бул тууралуу АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 30-сентябрда биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында кабарланды.

Керри бул сүйлөшүүлөр 1-октябрда болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Кечээ Орусия Сирия аймагында аба соккуларын баштаган. Мындан улам бул өлкөдө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы операция жүргүзүп жаткан Эл аралык коалициянын күчтөрү менен кокустан кагылышуу тобокелчилиги жаралууда.

30-сентябрда Орусиянын Федерация кеңеши президент Владимир Путиндин чет өлкөдө аскер күчүн колдонуу өтүнүчүн канааттандырган соң Москва Сириянын аймагында абадан чабуулдарын жасоого киришти. Буга чейин Батыш өлкөлөрүндө Орусия Сирия президенти Асадды колдоп жатат деген тынчсыздануулар билдирилген.

Сириянын Улуттук коалициясы Орусия чабуул жасаган Хомс шаарынын жака белин "Ислам мамлекети" тобу көзөмөлдөбөй турганын айтып, алгачкы соккулардан 36 жайкын тургун, анын ичинде беш бала мерт кеткенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG