Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Исламабадда ондогон согушкерлер жок кылынды


Пакистандын коопсуздук күчтөрү жыйырмадай согушкерди жок кылганын маалымдашты.
Пакистандын коопсуздук күчтөрү жыйырмадай согушкерди жок кылганын маалымдашты.

Жыйырмадан ашык согушер деп шектелгендер Пакистан менен Ооганстандын чек арасында жасалган аба соккулардан улам мерт кетти.

Бул тууралуу Пакистандын коопсуздук күчтөрү билдирди. Өлкөнүн чалгын кызматынын өкүлү бүгүн бул аймакта согушкерлердин алты болжолдуу жайлары жок кылынганын кошумчалады.

“Талибан” кыймылына каршы өкмөттүк күчтөрдүн операциясы Ооганстан менен чектеш аймактарда өткөн жылы башталган. Ооган бийликтери, Исламбаддын согушкерлерге каршы жүргүзүп жаткан операциясына карабай, Кабулга каршы күрөшкөн талиптерди колдоп келгенин айтып, күнөөлөп келет.

Расмий Кабул бул айыптоолорду четке кагып, Ооганстан менен Индиянын бийликтери тескерисинче Пакистан бийлигине каршы согушкерлерди колдонуп жатканын айтышууда.

Ал арада Ооганстандын коопсуздук күчтөрү эки күн мурда "Талибан" кыймылынын колуна өтүп кеткен өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз шаарынынын басымдуу бөлүгү согушкерлерден бошотулганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG