Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Минада набыт болгон ирандыктардын саны 464кө жетти


Минадагы каргаша жалпысынан 769 адамдын өмүрүн алды.
Минадагы каргаша жалпысынан 769 адамдын өмүрүн алды.

Сауд Арабиясынын Мина тоосунда ажылык зыярат учурунда тебелендиде калып мерт болгон ирандыктардын сөөктөрү жакын арада мекенине жиберилет. Бул тууралуу Сауд Арабия менен Ирандын саламаттык сактоо министрлеринин Жидда шаарында өткөн жолугушуусунда сүйлөшүлдү.

Ирандын ИРНА маалымат агенттиги билдиргендей, бул жолугушууда Саудия бийлиги Ирандын жогорку руханий лидерине, бийлигине жана ирандыктарга көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Ал арада Ирандын ажылык сапарын уюштурган мекемеси бейшемби күнү тепсендиде набыт болгон ирандыктардын саны 464кө жеткенин, дагы он төрт адам оор абалда ооруканада жатканын билдирди.

Өткөн жумада Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Саудия бийлиги зыяратчылардын коопсуздугун сактай албаганын айтып, Иран жана мусулман өлкөлөрүн бул каргашаны иликтөө үчүн Сауд Арабияга биргелешкен делегация түзүп жиберүүгө чакырган.

Жалпысынан 24-сентябрда Мекедеги шайтанга таш атуу жөрөлгөсү учурундагы түртүшүүдөн каза болгондордун саны 769га жетти.

XS
SM
MD
LG