Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Атамбаев: 7% насыя убада кылгандар өз банкынан 27% менен берүүдө


Парламенттик шайлоого катышып, насыя 7% болорун элге убада кылгандар өзүнүн банкы аркылуу 27% берүүдө. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабат турак үйдү пайдаланууга берүү салтанатында сүйлөп жатып билдирди. Президент кыргызстандыктарды туура тандоо жасап, добушун сатпоого чакырды.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катышып жаткан 14 партиянын ичинен "Республика Ата-Журт" эгер ал көп добуш алып, утса "7 пайыздык айыл чарба насыяларын кайта алып келебиз" деп убада берүүдө.

Ал эми "Өнүгүү Прогресс" партиясы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө үстөк пайызы эң төмөн насыяга 7 миллиард сом бөлөрүн жарыя кылууда. (SzD)

XS
SM
MD
LG