Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында Улуттук коопсуздук комитетинин атайын операциясы жүрүп жатат. Бул маалыматты "Азаттыкка" УКМКнын Терроризмге каршы борборунун директору Таалай Жапаров тастыктап, кенен маалымат кийинирээк берилерин айтты.
Ички иштер министрлиги ал жерде УКМКнын кызматкерлери атайын операция жүргүзүп жатканын, бирок кимдер кармалганы тууралуу маалымат азырынча жок экенин билдирүүдө.
Айрым маалымат каражаттары жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Ала-Тоо айылы жакта каналдын жанында атышуу болгонун кабарлаган. (AzK)