Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Атамбаев: Айрымдар саясий максатына жетиш үчүн жикчилер менен биригүүдө


Айрымдар саясий максатына жетиш үчүн өлкөдө бүлүк салган сепаратисттер менен биригүүдө. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте милиция кызматкерлерине жаңы турак жайдын ачкычын тапшыруу салтанатында сүйлөп жатып билдирди.

Президент ар бир шайлоочуну чечимин салмактап, туура добуш берүүгө чакырды.

4-октябрда Кыргызстан жаңы парламентти шайлайт. Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орунга 14 партия ат салышууда. Айрымдары шайлоо алдында экиден бириккен болчу. Алар - "Республика" менен "Ата-Журт" жана "Бүтүн Кыргызстан" менен "Эмгек". Мындан тышкары, ат салышып жаткан айрым партиялардын курамына башкалар да кирген. (SzD)

XS
SM
MD
LG