Ооганстанда АКШ куралдуу күчтөрүнүн C-130 транспорттук самолету кыйрап, 11 адам, анын ичинде экипаждын алты мүчөсү курман болду. Учак 1-октябрда түн ортосунда Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарынын аэропортунда кыйроого учураган. Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид учакты алар атып түшүргөнүн Твиттерде кабарлады. АКШ армиясынын өкүлү, полковник Брайан Трибустун билдиришинче, өлгөндөрдүн арасында контракт менен ооган аскерлерин машыктырып жүргөн 5 адам да бар. НАТОнун маалымдашынча, Ооганстандын чыгышында коалициялык күчтөрдүн 1 миңдей солдаты жана 40 миңдей ооган аскери кызмат кылат.
Ал эми Ооганстанда америкалык 9800 аскер бар.