Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:05

Кыргызстанда шайлоочулардын акыркы тизмеси бекитилди


Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрдагы маалымат жыйында Кыргызстандын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, тизмеде 2 миллион 761 миң 297 шайлоочу бар. Алардын ичинен 15 миңден ашууну башка өлкөлөрдөн добуш берет.

Эгер шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба албай кала турган болсо, алар үчүн маалымат борбору уюштурулат. Ал жерде жарандар үчүн өзүнүн идентификациялык номуру аркылуу добуш бере турган шайлоо участогун аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Сарпашев бүгүн шайлоо күнү пайдаланыла турган жабдуу текшерүүдөн өткөрүлүп жатканын, эртеңден тарта шайлоо участкасынан тышкары үйдө добуш берүү жараяны башталарын кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG