Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Өндүрүш Токтонасыров таза шайлоо үчүн тост көтөрдү


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына чыгып парламенттик шайлоо таза өтсүн деген тилек менен шампан аттырып, тост көтөрдү. Ал шайлоодон кийин жеңилгендер ызы-чуу салып, элди көчөгө чакырбай, талаш-тартыш, таарынычтарды мыйзам чегинде чечишип алсын деген ниетте бүгүн атайын акцияга чыккандыгын "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 14 партия ат салышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG