Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Коалиция Орусиянын Сириядагы чабуулдарына тынчсызданууда


ИМдин колундагы Сириянын Кобани шаары АКШ башындагы коалициясынын авиасоккусунан кийин. 22-октябрь 2014
ИМдин колундагы Сириянын Кобани шаары АКШ башындагы коалициясынын авиасоккусунан кийин. 22-октябрь 2014

Түркия жана АКШ башындагы коалиция Орусиянын Сириядагы оппозициячыл күчтөргө сокку уруусуна тынчсызданып, Москваны ИМдин согушчандарына каршы чабуулдарга басым жасоого чакырды. 2-октябрдагы орток билдирүүдө Орусиянын аракеттери кризисти тереңдетип, региондогу экстремисттик маанайды күчөтүшү мүмкүн экендиги айтылат. Коалицияга АКШ, Түркия, Британия, Франция, Германия жана Перс булуңдагы бир катар өлкөлөр кирет.

Орусия Сириянын аймагында өткөн шаршемби күнү авиасоккусун баштап, аны "Ислам мамлекети" радикал топтун согушчандарына багытталган операция деп атаган. Москванын ырасташынча, аскердик жардам көрсөтүүнү Сирия өкмөтү өзү суранган. Асаддын режими радикалдарга катар оппозиция менен да согушууда.

Астанада бүгүн сириялык оппозициянын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына чогулушту. Казакстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаковдун айтуусунда, сүйлөшүүлөр 4-октябрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG