Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Ошто мугалимдердин эки эсепчисине байланыштуу иш сотко өттү


Ош шаардык билим берүү башкармалыгын башкы эсепчиси Т.Т. жана мектепке чейинки бөлүмдү тейлеген эсепчи Г.Э. аттуу кызматкерлерге шаардык прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши иликтенип бүтүп сотко жөнөтүлдү. Иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда.

29-июнда козголгон кылмышын актысында аталган кызматкерлерге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу (304), кызматтык будамайлоо (315), ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу (171) жана шалаакылык (316) беренелери боюнча айып тагылган эле.

Тергөөнүн жүрүшүндө эки эсепчи мамлекетке 3 миллион 148 миң сом зыян келтиргени аныкталган. Алар бул сумманы калаадагы беш бала бакчанын кызматкерлерине маяна которууда документтерин жасалма кылып көбөйтүү жолу аркылуу, өздөрүнө өөнөп алышкан.

Ош шаардык билим берүү мекемесине караган 54 мектеп жана 31 бала бакча бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG