Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Жалал-Абад милициясы Сузакка стадион куруп жатат


Стадион куруунун алгачкы жумуштары
Стадион куруунун алгачкы жумуштары

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районуна стадион куруп жатат. Сузак айыл аймагында муниципалдык менчиктеги саз болуп жаткан 2 гектар жердин жарымын футбол аянтчасына айландыруу иши башталганын аталган мекемеден кабарлашты.

Жерди тегиздеп, тазалоого облустук милициянын өздүк курамынан 150 адам жана жергиликтүү эл катышууда.

Узундугу 90, туурасы 60 метр болгон футбол аянтчасынын четине көрүүчүлөр үчүн үстү тосулган отургучтар орнотулат. Анын бардык чыгымын Облустук ички иштер башкармалыгы көтөрөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG