Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнө эң көп каражатты “Республика Ата-Журт” партиясы сарптаганын билдирди. Аталган партия өнөктүккө топтогон 131 миллион 540 миң сомдун 130 миллиондон ашуунун колдонду.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы фондго 119 миллион 409 миң топтоп, анын 119 миллион 109 миңин коротту.
КСДП 103 миллион 226 миң сом топтоп, анын дээрлик баарын сарптады.
“Бир бол” 90 миллион сомго жакын, “Ата Мекен” 80 миллиондон ашуун каражатты үгүткө чачты.
8 миллион сомдон бир аз ашкан акчасы менен “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң аягында.
Мыйзамда саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогорку чеги 500 млн. сом деп белгиленген.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. Бүгүн үгүт өнөктүгү токтотулду. (SE)