Кыргызстандагы тергөө абактарында сотун күтүп отурган жарандар парламенттик шайлоо үчүн бүгүн добуш беришти. Өнөктүк өлкө аймагындагы беш абакта өткөнүн Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди. Бирок канча адам добуш бергени азырынча беймаалым.
Расмий кабарларга караганда, тергөө абагында отургандардын аз бөлүгү гана добуш берүүгө акылуу. Мисалы, Бишкектеги №1 тергөө абагындагы 1500 миң кишинин ичинен 100 адам гана шайлоого катышат. Башкалары биометрикалык маалыматтарын тапшырбаганы үчүн добуш бере албайт..
Бүгүн тергөө абактарынан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери үйдөн чыга албаган майыптарга, улгайган кишилерге барып добуш бергизишти. Шайлоо кутучаларын алып барган комиссия мүчөсү менен бирге биометрикалык маалымат текшерүүчү адис, милиция жана байкоочулар болду.
Жогорку Кеңешке жалпы шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышат. (SE)