Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын интернет аркылуу түз көрсөтүүдө. Боршайкомдон "Азаттыкка" кабарлашкандай, атайын шилтемеде саат 10:00дөн тарта кайсы аймакта канча шайлоочу келип добуш бергени көрсөтүлүп турат. Бул маалымат 4 саат сайын жаңыланат.
Саат кечки 8ге чейин добуш берүүгө катышкандардын саны көрүнөт.
Ал эми кайсы партия канча добуш алганы андан кийин гана көрсөтүлө баштайт. (RK)