Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Орусияда кыргызстандык шайлоочулар добуш бере баштады


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, ушул тапта Москва шаарында №90 01 шайлоо участкасы ачылып, шайлоочуларды кабыл ала баштады. Бул шаар боюнча шайлоо тизмесине 4338 кыргызстандык жаран катталган.

Мындан тышкары Владивосток шаарында дагы шайлоо жараяны башталды. Ал жерде тизмеде 642 шайлоочу бар.

Орусияда жалпы 9 миң 375 кыргызстандык жаран шайлоо тизмесине кирген. Алар Орусиянын 6 шаарында: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск Красноярск жана Владивостокто добуш беришет. (AzK)

XS
SM
MD
LG