Аймактык кабарчыбыздан маалыматына караганда Ош шаарындагы №5911 кошумча шайлоо участкасында үч саат аралыгында 503 киши добуш берди. Мындан тышкары кезек күтүп сыртта дагы 500 киши турат, айланада дагы 500гө чукул киши жүрөт.
Региондордо шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүп жатканын буга чейин облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү айткан. (AzK/YI)