Ош шаарындагы кошумча участкалардын бири, №5912 тилкесинде добуш бергени келген жарандарга кезек жетпей жатат. Эртең менен саат 9да башталган кезек түшкө жуук да суюлган жок. Ак-Тилек кичирайонундагы №52 мектептин аймагында жайгашкан участокко шаарда жашап, бирок каттоосу жок тургундар жазылган болчу.
Ош шаарында жалпы 80 шайлоо участкасы бар, анын жетөө кошумча ачылган. Калаада 106 миң 231 шайлоочу бар болсо, кошумча шайлоо участкалары аркылуу 27 миң 157 шайлоочу добуш берет. Ушул сааттарга карай Ош шаарында добуш берүүгө келгендер эң артта, болгону 3% гана шайлоочу келди. (ErN)