Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Саат 12ге карата Ош шаарынан 16,7% шайлоочу добуш беришти


Бул тууралуу Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Рысбек Нурдинов “Азаттыкка” билдирди.

Ош шаарында саат 12:00 убактысы боюнча 22 241 шайлоочу шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 16,7 пайызын түзөт. Түшкө жууктап элдин активдүүлүгү күчөгөндүгү байкалган.

Калаада коомдук абал тынч экендигин күч кызматтары кабарлоодо. Кандайдыр бир укук бузуулар боюнча Ош шаардык милицияга арыз-даттануулар түшкөн жок. Ош шаарында жалпы 133 388 шайлоочу бар. Жалпы 80 шайлоо участогу иштеп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG