Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрадан такталган маалыматына караганда, бүгүн саат 12ге карай шайлоочулардын 19,7 пайызы (542179 шайлоочу) добуш берди. Алардын ичинен Таласта шайлоочулардын 24,9% (30635), Баткенде 24,1% (54339), Нарында 23% (34428), Чүйдө 21,2% (96182), Жалал-Абадда 20% (98876), Ысык-Көлдө 19,6% (47230), Ошто 18% (100121) шайлоочулар добуш берген.
Чет өлкөдөн добуш бергендердин саны 260 киши болуп, 2% түзгөн.
Боршайком добуш берүүнүн жүрүшү бүгүн он-лайн режиминде көрсөтүлүп турарын, маалымат улам жаңыланарын айткан. Бирок саат 10го карата маалымат 12ге жакын гана чыгып, БШКнын шилтемеси бош турат.(AzK/EBM)