Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Нарында көчмө үкөккө жазылгандардын 75% добуш берди


Нарында көчмө үкөккө арыз берген шайлоочулардын азырынча 75 пайызы гана добуш берди. Бул тууралуу БШКнын Нарындагы өкүлү Алмаз Аскаров билдирди.

Анын айтымында көчмө үкөккө арыз берген 738 шайлоочунун 558и гана добуш берди. Калганы шайлоо бекетинин кызматкерлери барган кезде үйүндө жок болуп чыккан.

Мындай арыз бергендердин басымдуу бөлүгү тоодо, жайлоодо жашагандар.

Ал эми 300 шайлоочусу бар, шайлоо участогунан 120 км алыстыкта жайгашкан Кара-Кужур айылынын 80 кишиси гана добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн колдонушкан. Алар жергиликтүү шайлоо участогуна барып арыз берип кеткендер. (MiK)

XS
SM
MD
LG