Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

«Таза шайлоо»: Партиялар добуш сатып алуу адатынан арыла албай жатат


Партиялар шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылып, добуш берүү купуялуулук талабын бузуп жатышат. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" “Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова билдирди.

- Студенттерди участкаларга ташып баруу аракеттери бар. Добуш берген соң айрымдар партия өкүлдөрүнө ошолор үчүн гана добуш бергенин далилдөөгө аракет кылууда. Өзгөчө бул кошумча шайлоо участкаларына мүнөздүү көрүнүш. Бул жерлерде эл көп чогулганын көрүүгө болот. Негизи эле кошумча участкаларды түзүү ката чечим болгон, - дейт Усупбекова.

Мындан тышкары ассоциация эртеден бери шайлоо жабдууларынын бузулушу боюнча көп арыздануу, айрым учурда шайлоочуларды паспорттун көчүрмөсү менен добуш бердирген учурлар болгонун белгилейт. Айрым 1994-жылкы паспорт ээлери аны жаңылатуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына берип, кайра алууга үлгүрбөй калганын билдиришкен. (AzK/AKu)

XS
SM
MD
LG