Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Жалал-Абадда 16:00гө карата шайлоочулардын 30% ашыгы добуш берди


Шаар аймагында жайгашкан 25 шайлоо участогунда саат 16:00гө карата 14284 адам добуш берип, 30,5 пайызды түздү. Бул тууралуу шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Жүндүбаев “Азаттыкка” билдирди. Ал калаадагы жогорку окуу жайларынын имаратында жайгашкан участоктордо катышуу активдүү жүрүп жатканын, олуттуу мыйзам бузуу каттала электинин кошумчалады.

Жалал-Абад облусу боюнча 24% (110 миң) шайлоочу добушун берди. Аймакта 418 шайлоо участкасында 480 миңден ашык шайлоочу катталган.(RsK)

XS
SM
MD
LG