Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:33

Саат түшкү экиге карата Ошто тартип бузуу катталган жок


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан кабарлашты. Милициянын маалыматына караганда, 4-октябрь күнү саат 14:00гө карата Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында депутаттыкка талапкерлерди шайлоодо мыйзам бузуулар катталган жок. Бүгүнкү шайлоого Ош шаар жана Ош облусунда жалпысынан 3500ден ашык милиция жана элдик кошундун 6896 мүчөсү көз салып жатат. Облус боюнча 484 шайлоо участогунда 557313 шайлоочу бар. Ал эми Ош шаарындагы 80 шайлоо участогунда 133 388 шайлоочу катталган. (YI)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG