Азырынча Нарын менен Таластагы шайлоочулар активдүүлүгү жагынан алдыда: бул аймактарда шайлоочулардын 43% добуш берди. Андан кийинки орунда Баткен облусу. Баткендик шайлоочулардын 41% добуш беришти.
Борбор калаа Бишкекте шайлоочулардын 35%, Жалал-Абадда 38%, Ысык-Көл 37%, Ош шаарында 34%, Ош облусунда 36%, Чүй 38%, чет өлкөдөгү кыргызстандык шайлоочулардын 8,4 пайызы катышты. (EBM/ZKo)