Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Нарында шайлоочулардын 33 пайызы добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Алмаз Аскаровдун "Азаттыкка" билдиришинче, кечки саат бешке карата аймакта 51 119 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 33 пайызын түзөт.

Аскаровдун айтымында, облуста олуттуу мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Майда техникалык мүчүлүштүктөр болгону менен, убагында каралып, добуш берүүдө үзгүлтүктөр болбоду.

Ал арада "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы Нарында 200дөн ашуун шайлоочу мөөр басылбаган бюллетенге добуш бергенин айтып чыкты.

Облуста 151 137 шайлоочу бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG