Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Баткенде саат 18ге карата шайлоочулардын 47% добуш берди


Баткен облусу боюнча кечки саат алтыга карата 104 600дөн ашык киши келип, жалпы шайлоочулардын 47% түздү. Бул тууралуу "Азаттыкка" шайлоо өткөрүү боюнча облустук штабдан билдиришти.

Облуста жалпысынан 223 763 шайлоочу бар, 198 добушкана иштеп жатат. Жараянга миңден ашуун байкоочу көз салууда.

Бул жолку парламенттик шайлоого облус аймагынан катышуу 60 пайыздан бир аз ашат деп күтүлүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG