Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Молдовада кайрадан өкмөткө каршы демонстрация өттү


Кишиневдогу демонстранттар. 4-октябрь, 2015-жыл.
Кишиневдогу демонстранттар. 4-октябрь, 2015-жыл.

Борбор Кишиневдо бүгүн оң миңдей адам жыйналды. Бүгүнкү нааразылык акциясы Кишиневдо миңдеген адам катышкан демонстрациялардын ар жекшембиде төртүнчү ирет катары менен өтүп жатышы болду.

Нааразылык акциясынын айрым катышуучулары бүгүн полиция менен тирешип, парламент имаратына кирүүгө да аракеттеништи.

Миңдеген адам чыккан демонстрациялардын азыркы толкунун Молдовада, сентябрдын алгачкы аптасында “Ар-намыс жана акыйкаттык” деп аталган кыймыл баштаган.

Былтыр күздө Молдованын банктарынан бир миллиард доллардын жоголуп, бирок бул көз бо`мочулук боюнча эч чара көрүлбөгөнүнө нааразы болгондор президент Николай Тимофтинин, өкмөттүн отставкасын, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып чыгышкан. Демонстранттар ошол талаптарынан кайта элек. (UE)

XS
SM
MD
LG