Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Оштон ажыга кеткендердин 73% добуш берүүгө катыша алган жок


Мекеден Кыргызстанга кайтып келе элек миңден ашык зыяратчы бул жолку парламенттик шайлоодо добуш бере албай калышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык шайлоо комиссиясынын нөөмөтчүлөрү билдиришти.

Ош шаары жана Ош облусунан жалпы 1 421 зыяратчы Меке шаарына ажылыкка кеткен. Андан 400ү Кыргызстанга кайтып келип, шайлоого катышууга үлгүрдү.

Ош облустук казыяттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, калган 1021 зыяратчы 5-октябрдан 17-октябрга чейин учуп келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG