Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Багдаддын Жашыл аймагы коомчулук үчүн ачылат


Багдаддын Жашыл аймагындагы имараттар
Багдаддын Жашыл аймагындагы имараттар

Ирак өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади Багдад шаарындагы 12 жыл мурун өзгөчө кайтарууга алынган Жашыл аймактын айрым бөлүгү коомчулук үчүн ачыларын жарыялады. Бирок аймакты коргоо мурдагыдай катуу режимде улана бермекчи. Ал-Абадинин айтуусунда, бул кадам жарандардын жемкорлукту азайтып, бийлик түзүмүн реформалоо боюнча койгон талабына жооп болуп саналат.

Тигр дарыясынын түндүк тарабын бойлой 10 километр аралыкта жайгашкан аймак 2003-жылы сырткы басып алуулардан кийин жабылып, кайтарууга алынган. Учурда ал жерде өкмөт имараты жана элчиликтер жайгашкан. Ирактыктардын көбү Жашыл аймактын коргонунун ары жагында аткаминерлер ээн-эркин жүргөн кезде, бул жакта эл кыйынчылыкта жашап жатканын айтып, нааразы болуп келишет.

Бирок күчтүү кайтарууга алынганы менен Жашыл аймак бат-баттан жоочулардын соккусуна кабылат. (SE)

XS
SM
MD
LG