Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Улуттук кеңеш: Ошто 240 тургунду шаарга каттоо фактысы териштирилет


Убактылуу түзүлгөн шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар жана түшүнбөстүктөр көп катталды. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салган Улуттук кеңештин төрагасы Турсунбек Акун бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын четиндеги айылдардын биринен 240 тургунду ташып келип, убактылуу шайлоо участкасына каттаган факты учурда териштирилүүдө. Кеңештин төрагасы шайлоо негизинен таза өткөнүн, айрым мыйзам бузуулар жыйынтыкка таасир бере албастыгын белгиледи.

4-октябрь күнкү шайлоого Улуттук кеңештин 150дөй байкоочусу көз салды.

Шайлоочулардын 60% жакыны добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Жогорку Кеңештеги 120 орундуу депутаттык орун үчүн ат салышкан 14 партиянын ичинен жети пайыздык чектен ашып, алтоо парламентке өттү. (КE/SDz)

XS
SM
MD
LG