Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Усупбекова: 4-октябрда таза шайлоонун пайдубалы түптөлдү


“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекованын белгилешинче, добуш берүү күнү айрым аймактарда техникалар эртең мененки саат 10го чейин иштебей турду. Кээ бирлери иштен чыгып, эски, айнек урналарды колдонгон учурлар катталган. Муну ал операторлордун начар даярдыгы менен байланыштырды.

-Негизгиси бюллетендерди топ-топ кылып салуу фактысы катталган жок. Добуш берүү соңуна чыгар алдында карусель жасоо аракеттери болду, бирок жаңы технология ага бөгөт койду. Муну менен 4-октябрдагы шайлоо таза шайлоонун пайдубалын түптөдү, - деди Усупбекова.

4-октябрда Кыргызстан эли Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлады. Ага 14 партия ат салышып, 7 пайыздык босогодон 6 партия өттү. Алар: КСДП, “Республика – Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү – Прогресс”, "Бир бол” жана “Ата Мекен”. (КE/SDz)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG