Тышкы министрлигинен кабарлашкандай, чет мамлекетте жүргөн 2570 киши добуш берди. Чет өлкөдө жалпы 15 миң 344 адам катталган, анын 17 пайызы гана шайлоого катышты.
Парламенттик шайлоого 26 мамлекетте 36 шайлоо участогу ачылган.
Алар: Орусия, Украина, Беларус, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, АКШ, Канада, Британия, Түндүк Ирландия, Белгия королдугу, Австрия, Германия, Түркия, Кытай, Жапония, Корея, Индия, Малайзия, Сауд Арабия, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Иран, Пакистан, Ооганстан, Швейцария өлкөлөрү. (TSh)