Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

“Республика – Ата Журт” коалицияга кирүүгө аракет кылат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында аталган партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов билдирди. Ал партиянын программасын ишке ашыруу үчүн коалициялык көпчүлүккө кирүүгө аракет кыларын айтты.

-Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр БШК расмий жыйынтык чыгарган соң башталат. Ал ар кандай форматта түзүлүшү мүмкүн. КСДП жана “Республика – Ата Журт” партияларынын позициялары жакын болгондуктан эки партиянын коалицияга биригүү мүмкүнчүлүгү чоң. Негизи эле парламентте коалиция түзүүгө болбойт, деген партиялар жок.

Бабанов премьер-министр же ЖК төрагалыгына талапкерлерди атоого азыр эрте экенин кошумчалады.

Алдын ала маалымат боюнча, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 6 партия 7%дык босогодон өтүп, утуп чыккан. Алар: КСДП,“Республика - Ата Журт”,“Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен”. (КЕ)

XS
SM
MD
LG