Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Нобель сыйлыгынын медицина жаатындагы ээлери аныкталды


Медицина боюнча Нобель сыйлыгы быйыл ирландиялык Уильям Кэмпбел, жапониялык Сатоши Омура жана кытайлык Юю Туга мителерден жуккан оорулар жана безгекти дарылоо жаатындагы изилдөөлөрү үчүн берилди.

Нобель комитетинин бүгүнкү билдирүүсүндө белгиленгендей, лауреаттар "паразиттерден жуккан илдеттердин жана безгектен дарылоонун жаңы, илимде төңкөрүш жасаган терапиясын иштеп чыгышкан". Жеңүүчүлөр 960 миң доллар сыйлыкты бөлүшүп алышмакчы.

Апта соңуна чейин илим, адабият жана тынчтык сыйлыктарынын ээлери аталат. Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери тапшырылып келатат.

XS
SM
MD
LG