Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Пакистанда талибдерге каршы кошуун башчы курман болду


Пакистандын алыскы Бакахел шаарында жолго коюлган бомбадан талип согушкерлерине каршы күрөшкөн кошуундардын жетекчиси, жергиликтүү уруу аксакалы мерт кетти. Малик Саид Али Вазирдин жанында бараткан уулу жарадар болуп, ушу тапта ооруканада жатат.

Пешавардан 150 чакырым алыс жайгашкан калаадагы кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Бирок буга чейин Пакистандагы талибандын жоочулары ушул өңдүү теракттарды ишке ашырып келишкен. Өткөн жылдын жайында Пакистандын куралдуу күчтөрү чаарбаш уруулар байырлаган аймакта согушкерлерге каршы ири операция башташкан.

Талибдер былтыр декабрда Пешавардагы мектепте 153 кишини, анын ичинде 134 баланы өлтүргөндөн кийин аскерлер чабуулдарын күч алдырган.

XS
SM
MD
LG