Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Ошто жаш шахматчылардын клубу ишин баштады


Калаадагы мектеп окуучулары үчүн атайын “Жаш шахматчы” клубу өз жумушун баштады. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

30дай окуучу мүчө болгон бул клубда балдар-кыздар шахмат ойноонун сырларын, жаңы ыкмаларды жана шахмат боюнча акыркы маалыматтарды үйрөнүшүүдө.

Клубга ар бир мектепте уюштурулган шахматтык мелдештердин жеңүүчүлөрү келип кошулуп турат. Тандалган окуучулар шаардык окуучулардын курама командасына кошулуп, башка шаардын командалары менен беттешет жана чет өлкөлөрдөгү турнирлерге катышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG