Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Донбасстагы уруш тилкесинен майда калибрдеги куралдар чыгарылууда


Украинанын өкмөттүк армиясы жана орусиячыл жикчилдер Донбасстагы уруш тилкесинен майда калибрдеги курал-жарактарды чыгарып кете башташты. Куралдуу күчтөрдүн маалымат катчысы Руслан Ткачуктун айтымында, жараян 5-октябрда Луганск облусунда башталып, танк, антитанктык замбиректер жана минометтор ичкери чегинүүдө. Лугансктагы козголоңчулар бул маалыматты тастыкташты. Киийнчирек Донецктеги курал-жаракты да алып чыга башташмакчы. 100 милиметрден ашпаган калибрдеги курал 41 күндүн ичинде уруш тилкесинен 15 километр алыс чыгарылууга тийиш. Бул шарт февралда Минскте кол коюлган ок атышпоо келишиминде жазылган.

XS
SM
MD
LG