Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Бишкек мэриясы жөө жүргүнчүлөргө сары жол чиет


“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кабарлашынча жүргүнчүлөр өтчү жолду сарыга боёо жол кырсыктарын алдын алууга багытталган. Учурда Токтогул, Шопоков, Раззаков, Орозбеков жана Акиев көчөлөрүндөгү жөө адамдар үчүн жол белгиси сарыга боёлгон. Эми кезек Жаш Гвардия бульварында. Эгер бул тажрыйба кырсыктарды азайтса, кийинки жылы шаар көчөлөрүндөгү жөө өтмөктөрдүн баары сары түскө боёлот.

Мындай тажрыйба Европанын ири шаарларында кеңири колдонулат. Адистердин баамында, сары түс акка караганда айдоочуларга да, жүргүнчүлөргө да алыстан көрүнөт жана кырсыктардын алдын алат. (UEz)

XS
SM
MD
LG