Бул тууралуу шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтуусунда таймаштарга Индия, Иран, Кытай, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын 20 жашка чейинки шахмат чеберлери катышууда.
Мелдештер 3-октябрда башталган. Жеңүүчүлөр 11-октябрда аныкталат. 12 жаштагы кыргызстандык Съездбек уулу Руслан 3-орунду багындырган. Ал эми жалпы эсепте Индия алдыда келе жатат. (UEz)