Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Базар-Коргон тургуну өз үйүндө бала бакча ачты


Райондун Аук айылынын тургуну Камилжан Ахмедов өзү жашаган 2 кабаттуу турак жайын бала бакчага айландырып, наристелерди кабыл ала баштады.

- Бул аймактагы 3 айылда тең балдар бакчасы жок болгондуктан айыл өкмөткө бала бакчанын имараты курулганча үйүмдү убактылуу пайдаланып туруусун сунуштагам. Бирок алар бул демилгени колдобогондуктан өзүм баарын каржылап балдардын келечеги үчүн ушул ишти аткардык - дейт Ахмедов.

“Келечектин ээлери Индиго” аталышындагы бала бакчага алгач 75 бала кабыл алынды. Алардын санын дагы 200гө жеткирүүнү бакча ээси максат кылууда. Каржылоону бул үй-бүлө өз мойнуна алган.

Базар-Коргон районунда 30 миңге чукул киши жашаган Кеңеш айыл аймагында 2 бала бакча иштейт, алардын бири жамааттык болуп эсептелет. (RsK)

XS
SM
MD
LG