Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

БШК: Сабированын Орусия жараны экени тастыкталса мандат берилбейт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Канат Азиз билдирди.

“Мыйзам боюнча биз текшеришибиз керек. Бирок Орусия, Казакстандан маалымат сурасаң алар жооп бербейт. Эмнеге дегенде алардын өздөрүнүн жарандары тууралуу мыйзамдары бар. Тажрыйба көрсөткөндөй, бирөө арыз менен келбесе биз текшере албайбыз, - дейт Канат Азиз.

Айрым маалымат булактары “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Хулкарпаша Сабирова Орусия жараны экенин жазып чыгышты. Талапкердин жарандыгы тууралуу маалымат Орусиянын Федералдык салык кызматынын реестринде да бар экени көрсөтүлгөн. Ага ылайык, Сабирова 2015-жылдын сентябрь айына чейин жеке ишкер катары катталган. Башка маалымат булактар анын кыргыз-өзбек чек арасынан Орусиянын паспорту менен өткөнүн жазышты. Кыргызстандын чек ара кызматы жеке адамдын өзүнө байланыштуу маалыматтар коомчулукка берилбей турганын айтууда.

Хулкарпаша Сабирова “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмесинде 8-орунда. Ал 2010-жылдагы кандуу июнь окуясына шектелген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Сабировдун аялы. Кыргызстан мыйзамдарына ылайык башка өлкө жарандары парламентке депутат боло алышпайт.

Аталган партия бул боюнча үн ката элек. Партия лидерлери менен байланыштуу аракетибизден да майнап чыкпады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG