Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Нобель сыйлыгынын физика боюнча жаңы лауреаттары аталды


Окумуштуулар Артур Макдональд менен Такааки Кажита.
Окумуштуулар Артур Макдональд менен Такааки Кажита.

2015-жыл үчүн физика боюнча Нобель сыйлыгы кванттык механикадагы кубулушту ачканы үчүн канадалык Артур Макдональд менен жапониялык Такааки Кажитага берилди. Бул эки окумуштуу физикадагы мындай табышмакты табууга он жылдай убакыт короткону кабарланды. Кажита космостук нурларды изилдөө институтунун директору жана Токио университетинин профессору. Макдональд Канаданын Куинс университетинин ардактуу профессору. Эки жеңүүчү эми 960 миң доллар өлчөмүндөгү байгени бөлүп алышат. Сыйлык тапшыруу аземи Норвегиянын Осло шаарында 10-декабрда өтөт.

Нобель сыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрү ушул аптада атала баштаган. Кечээ медицина боюнча сыйлык ирландиялык Уильям Кэмпбел, жапониялык Сатоши Омура жана кытайлык Юю Тугага мителерден жуккан оорулар жана безгекти дарылоо жаатындагы изилдөөлөрү үчүн берилди.

Апта соңуна чейин илим, адабият жана тынчтык сыйлыктарынын ээлери аталат. Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери тапшырылып келатат.

XS
SM
MD
LG