“Бишкексууканал” башкармалыгы 8-октябрда баш калаанын Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский көчөлөрүндө жана Ак-Өргө конушунда таза суу берүү убактылуу токтотуларын билдирди.
Суу калаанын түндүк бөлүгүндөгү дагы бир катар аймактарда да болбой турганы маалымдалды.
Таза суу эртең мененки саат 9:00дөн тарта токтотулуп, кечки саат 6:00дөн баштап берилет. (SE)