Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Кадыржан Батыровдун улутташтырылган заводу базарга айланат


2010-жылдагы Ош коогасын уюштурган деп айыпталып, азыр издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго таандык Жалал-Абад шаарындагы консерва заводу муниципалдык менчикке айланат. Аталган завод мурдараак улутташтырылган.

Жалал-Абад шаарынын борбордук базары ушул жерге көчүрүлүп, жылына шаар казынасына 126 млн. сом киреше түшүрүүгө болорун калаа башчы Салайдин Авазов билдирди.

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев аталган жайды барып көрдү.

Кадыржан Батыров сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ага караштуу 28 объект мамлекетке өткөрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG