Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Орусияда журналист Анна Политковскаяны эскеришти

Санкт-Петербург шаарындагы саясий курмандыктарга арналган аянтчада 7-октябрда чогулган адамдар белгилүү журналист Анна Политковскаяны эскеришти. Бир күн мурда анын киши колдуу болуп өлгөнүнө 9 жыл толду.

Маркум “Новая газета” басылмасынын белгилүү журналисти болчу.

Анна Политковскаяны 2006-жылы Москвада үйүнүн алдында атып кетишкен. Бирок өлтүрүүгө буйрутма бергендер ушул кезге чейин белгисиз. Белгилүү журналистти эскерүүгө чогулгандар иликтөөнү жандантууну бийликтен суранышты. (SE)

XS
SM
MD
LG